Ошто опузалоого шектелген жигит мурда 10 жолу жоопко тартылган
2432
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчѳсү опузалап талап кылууга шектелип кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, шектүү буга чейин 10 ирет жоопко тартылган.
slide 3 of 2
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн убактылуу жашаган батирине тинтүү жүргүзүлүп, "Наган" үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана үч даана ок алынды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, шектүү менен бирге кылмыш жасаган шериктерин аныктоо жана алардын аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча тергөө амалдары уланууда.
Ош облустук соту шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алды.
Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган, он жолу кылмыш жообуна тартылган дешет ИИМден.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://dahsboard.kaktus.media/10005