Генерал турак-жай үчүн берилген имаратты соода жайга айланткан. Ал имараттан чыгарылды
2525
Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу проспектисинин боюндагы турак-жайды мыйзам бузуу менен пайдаланып жүргөн генерал Абдыгул Чотбаев имараттан убактылуу чыгарылды. Бул туурасында борбор калаа башкармалыгынан кабарлашат.
Аталган жаранды имарататн чыгаруу мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев менен Биринчи Май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун катышуусунда өттү.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери жеринде иш алып барышты.
slide 3 of 2
2009-жылы Абдыгул Чотбаевге имараттан бөлмө берилип, ага көчүп кирүүгө буйрук берилген, бирок ал бөлмө соода түйүнү катары пайдаланылып, эч ким жашаган эмес. Аталган жай Бишкек шаарынын мэриясына тиешелүү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://dahsboard.kaktus.media/12303